ЧЫКТА І Толковый словарь кыргызского языка. 2015 Көбүнчө кулундарды желеге байлоодо нокто менен желени бириктирүүчү, нокто жагындагы учу тээкке илинген кичирээк кыска жип. Чыкта сулуу болсун деп, Чын жибектен эштирди («Манас»).
ЧЫКТА ІІІ Толковый словарь кыргызского языка. 2015 Чылым салчу жер. Чылымынан аларда, Чыктасына саларда (Дүйшеев).